# 11-статья. Жазык-аткаруу тутумун каржылоо

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 11-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-11

---

Жазык-аткаруу тутумун каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин негизинде республикалык бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлүп, максаттуу багытта жүзөгө ашырылат. Жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер жана жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин ишканаларынын пайдасы тиешелүү бюджеттерге милдеттүү төлөөлөрдү төлөгөндөн кийин соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды күтүүнүн шарттарын жакшыртуу, соттолгондорду эмгекке тартуу, ошондой эле жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн пайдаланылат. Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы жазык-аткаруу тутумунун айрым мекемелерине жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларына, жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин өндүрүштүк ишиндеги кирешелеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалардын пайдасынын, ошондой эле ушул максаттарга берилүүчү коомдук уюмдардын жана жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен каржылык жардам көрсөтүү үчүн атайын фонддорду түзүү укугуна ээ. Атайын фонддорду түзүү жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз тескөөсүндө болгон каражаттардын эсебинен жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин күтүүгө чыгымдарды өз алдынча көбөйтүүгө укуктуу. Жазык-аткаруу тутумунун өнүктүрүүгө жана чыңдоого каражатарды бөлүп берүү мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-12)
