# 10-статья. Аткаруу бийлик органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө көмөктөшүү боюнча милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 10-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-10

---

Карамагында катнашуу жолдору, ошондой эле байланыш каражаттары болгон аткаруу бийлик органдары ушул Мыйзам менен өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө линияларды, каналдарды жана байланыш каражаттарын берет. Карамагында катнашуу жолдору болгон аткаруу бийлик органдары Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды ташуу үчүн атайын вагондорду ижарага берип, темир жол бекеттеринде атайын вагондордун токтошу үчүн жабдылган жерлерди, ошондой эле аларга соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды киргизүү жана түшүрүү үчүн орундарды бөлүп берет. Карамагында транспорт болгон аткаруу бийлик органдары Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүүдө көмөк көрсөтөт. Аткаруу бийлик органдары өзгөчө абалдын жана башка өзгөчө жагдайлардын шарттарында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө темир жолдорду, каналдарды жана байланыш каражаттарын акысыз берет. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-9-1)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-11)
