# Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 5/4 "Калктуу конуштардын таштанды салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 5/4 "Калктуу конуштардын таштанды салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/4
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-8631/edition/1147074/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 5/4 "Калктуу конуштардын таштанды салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (05.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132236

---

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги бешинчи сессиясы 2022-жылдын 2-февралы № 5/4 Калктуу конуштардын таштанды салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын 2018-жылды 10-августындагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Респбуликасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-бөлүмүнүн жетекчилике алып калктуу конуштардын таштандылары үчүн жыйымынын талаптарын толук кандуу аткаруу максатында Кашка-Жол айылдык Кеңешинин 2.02. 2016-жылкы №16/7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Кашка - Жол айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-76 беренелеринин негизинде жыйымдын өлчөмүнүн чоңдугу календардык күн үчүн таштанды салыгын баштапкы 50 сом өлчөмүнөн 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Ж.Нажимидиновко тапшырылсын.

Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бакиров
