# 9-статья. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мил-

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 9-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-9

---

деттери

1. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар:

1) өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгынын абалы, мобилизациялык даярдыктын таламында түзүлгөн келишимдерди (контракттарды) жана мобилизация учурунда жана согуш мезгилиндеги заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу үчүн жооп берет;

2) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерди жүзөгө ашыруу максатында өндүрүштү даярдайт;

3) мобилизациялык даярдык жана мобилизациянын таламында продукция берүү, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү заказдарын (тапшырмаларды) орундатат;

4) мобилизация жарыяланган учурда өндүрүштү согуш мезгилинин шартында иштөөгө которуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

5) аскер комиссариаттарын ишине көмөк көрсөтөт;

6) өзү менен эмгектик мамиледе турган жана аскерге чакырылуучу жарандарга өз убагында кабар берүүнү, аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү, имараттарды, курулуштарды, коммуникацияларды, мобилизация боюнча транспорттук жана башка материалдык каражаттарды берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;

7) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды калтыруу (брондоо) боюнча иш жүргүзөт;

8) экономиканын тийиштүү тармагында аскерге милдеттүүлөр калтырылуучу (брондолуучу) кызматтардын жана кесиптердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана акимдик ведомстволорго сунуш киргизет;

9) мобилизация пландарына ылайык жыйын пункттарына жана аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү камсыз кылат.

2. Эгерде, өндүрүштү мобилизациялык жайгаштыруудан кийин менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мүмкүнчүлүктөрү заказдарды аткарууга шарт түзсө, алар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды (тапшырмаларды) аткарууга келишим (контракт) түзүүдөн баш тартууга укуксуз болушат.

3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды аткарууга келишим түзүүдө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынан ал заказдарды аткарууну каржылык, эмгектик, энергетикалык жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүүсүн талап кылууга укуктуу болушат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-10)
