# 8-статья. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983); 13.10.2008 [Закон КР от 13 октября 2008 года № 209 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205034)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 8-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-8

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде:

1) тийиштүү аймактардын, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан өздөрүнүн иш чөйрөсүндө турган юридикалык жактардын мобилизациялык даярдыгынын абалы үчүн жоопкерчиликтүү болушат;

2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;

3) тийиштүү аймактын чегинде мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

4) экономиканын мобилизация планынын аткарылышын даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт, аскер комиссариаттарынын тынч мезгилдеги жана мобилизация жарыялоодогу ишине көмөктөшөт;

5) аймактын мобилизациялык даярдыгынын таламында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен тынчтык мезгилде, ошондой эле мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде продукция берүүгө, кызмат көрсөтүүгө келишимдер (контракттар) түзөт;

6) мобилизация жарыяланган учурда экономиканы, аймакты согуш абалынын шартында иштөөгө которуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

7) тийиштүү аймактын чегинде чакырылууга тийиш жарандарга өз убагында кабар берүүнү жана аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү, имараттарды, курулуштарды, коммуникацияларды, мобилизация боюнча транспорттук жана башка материалдык каражаттарды берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;

8) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик акимдиктерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калтыруу (брондоо) боюнча иш жүргүзөт;

9) мобилизациялык даярдык жана мобилизация тутумун өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына сунуштар киргизет.

2. Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте зарыл материалдык жана каржылоо каражаттарын өткөрүп берүү менен ушул Мыйзамга ылайык мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында мамлекеттик ыйгарым укуктар берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-9)
