# 7-статья. Аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983); 13.10.2008 [Закон КР от 13 октября 2008 года № 209 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205034)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 7-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-7

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Аткаруу бийлигинин органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде:

1) мобилизациялык даярдык жана мобилизация үчүн жоопкерчиликтүү болушат;

2) мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды каржылоонун зарыл болгон көлөмдөрүн аныктайт;

3) менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактардын мобилизациялык даярдыгын уюштурат жана жетекчилик кылат;

4) экономиканын мобилизациялык пландарын аткарууга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

5) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;

6) мобилизация жарыялоодо ишканаларды согуш абалындагы шартта иштөөгө которуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү уюштурат;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мобилизациялык даярдык жана мобилизация тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизет;

8) тынчтык мезгилде жана мобилизация жарыялоо учурунда аскер комиссариаттарынын ишин камсыз кылат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-8)
