# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278689..1278690>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 4-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп туруп:

1) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;

2) Кыргыз Республикасына карата агрессия жасалганда же агрессиянын түздөн-түз коркунучу жаралган учурда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна токтоосуз киргизет;

3) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн мобилизациялык жайгаштырылыш схемасын, Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоо планын бекитет;

4) Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоого жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

5) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоонун жана мобилизациялоонун максаттарын жана милдеттерин аныктайт;

6) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;

7) аткаруу бийлигинин органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы ыйгарым укуктарын аныктайт, алардын ишине жетекчилик кылат;

8) мамлекеттик бийлик органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы макулдашып иштешин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

9) мобилизациялоо жарыяланганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн согуш мезгилине уюшулушуна жана курамына өткөрүү, ошондой эле атайын түзүлүштөрдү жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө контролду жүзөгө ашырат;

10) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын коргоо, жарандардын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар, согуштук абал жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-5)
