4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп туруп:
1) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;
2) Кыргыз Республикасына карата агрессия жасалганда же агрессиянын түздөн-түз коркунучу жаралган учурда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна токтоосуз киргизет;
3) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн мобилизациялык жайгаштырылыш схемасын, Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоо планын бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоого жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоонун жана мобилизациялоонун максаттарын жана милдеттерин аныктайт;
6) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
7) аткаруу бийлигинин органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы ыйгарым укуктарын аныктайт, алардын ишине жетекчилик кылат;
8) мамлекеттик бийлик органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы макулдашып иштешин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) мобилизациялоо жарыяланганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн согуш мезгилине уюшулушуна жана курамына өткөрүү, ошондой эле атайын түзүлүштөрдү жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө контролду жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын коргоо, жарандардын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар, согуштук абал жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 845 "2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 08.12.2015 · № 845 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>