# 23-статья. Мобилизация боюнча жарандарды аскердик кызматка чакырууга байланыштуу жарандардын, кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 23-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-23

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Мобилизация жарыяланганда:

1) 16 жашка чейинки балдары бар аял-аскер кызматчыларынан бөлөк Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана атайын түзүлүштөрдө аскердик кызмат өтөп жаткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта кала берет;

2) аскердик каттоодо турган жарандар райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын буйруктарында (мобилизациялык көрсөтмөлөрүндө, чакыруу кагаздарында) аныкталган мөөнөттө аскерге милдеттүүлөр топтолуучу пункта келүүгө милдеттүү. Аскердик каттоодо турган жарандарга мобилизация жарыяланган учурдан баштап райондук (шаардык) аскер комиссариатынын уруксаты болмоюнча жашаган жеринен сыртка кетүүгө тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-24)
