23-статья. Мобилизация боюнча жарандарды аскердик кызматка чакырууга байланыштуу жарандардын, кызмат адамдарынын милдеттери
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мобилизация жарыяланганда:
1) 16 жашка чейинки балдары бар аял-аскер кызматчыларынан бөлөк Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана атайын түзүлүштөрдө аскердик кызмат өтөп жаткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта кала берет;
2) аскердик каттоодо турган жарандар райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын буйруктарында (мобилизациялык көрсөтмөлөрүндө, чакыруу кагаздарында) аныкталган мөөнөттө аскерге милдеттүүлөр топтолуучу пункта келүүгө милдеттүү. Аскердик каттоодо турган жарандарга мобилизация жарыяланган учурдан баштап райондук (шаардык) аскер комиссариатынын уруксаты болмоюнча жашаган жеринен сыртка кетүүгө тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>