# 22-статья. Жарандарды мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 22-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-22

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн согуш мезгилиндеги уюштурууга жана курамга өз убагында которуу үчүн аскерге милдеттүү жарандар согуш мезгилинде аскердик кызматтарда аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө, ошондой эле башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө жана согуш мезгилинин кызмат орундарында каралган граждандык кызматтарга мурдатан дайындалат (катталат).

2. Согуш мезгилинде аскердик кызматтарда, ошондой эле жарандык кызматтарда аскердик кызмат өтөө үчүн дайындалган (катталган) жарандар алар катталган аскер бөлүктөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилиндеги уюштурууга жана курамга которуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда мобилизация боюнча аскер кызматына (граждандын кызматтардагы ишке) чакырылат.

3. Мобилизация боюнча аскердик кызматка граждандарды чакырууну райондун же шаардын (районго бөлүнбөгөн) жергиликтүү мамлекеттик акимдигинин башчысы райондун же шаардын (районго бөлүнбөгөн) аскер комиссариаты менен бирдикте уюштурат жана камсыз кылат.

4. Мобилизация жарыялоо учурунда согуш мезгилиндеги кызмат орундары боюнча аскердик кызматка жана граждандык кызматка дайындалган (катталган) жарандарды аскер кызматына чакыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Мобилизация боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруунун тартиби жөнүндөгү жобо менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн мамлекеттик тилдеги, текстинин 4-бөлүгүндөгү кээ бир сөздөр дал келбейт.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-23)
