# 20-статья. Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 20-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-20

---

Мобилизация боюнча аскерге чакырууну кийинкиге калтыруу аскерге милдеттүү төмөнкү жарандарга:

1) ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка убактылуу жараксыз деп табылгандарга - 6 айга чейинки мөөнөткө;

2) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтырылгандарга (брондолгондорго) - мобилизация мезгилине карата;

3) башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон жана мамлекеттин толук багуусунда болбогон үй-бүлө мүчөсүн мыйзам боюнча багып-көрүүгө милдеттүү болгон башка адамдар болбосо, ошол үй-бүлө мүчөсүн багып-көрүп жаткан адамга.

Пенсиялык жашка чыккан же I жана II топтогу майыптыгы белгиленген адамдар, ошондой эле 16 жашка чыга элек үй-бүлө мүчөлөрү башка бирөөнүн жардамына муктаж жана багууда тургандар деп эсептелет;

4) 16 жашка чейин төрт жана андан ашык балдары барларга (аялдар үчүн - багуусунда бир бала);

5) 8 жашка чейинки төрт жана андан ашык баласы бар энелери жалгыз бой болгондорго берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-21)
