# 2-статья. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча иш-чаралардын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 2-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-2

---

1. Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация ушул Мыйзамга, коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт жана мамлекетти коргоону уюштуруунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

2. Мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын негизги принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) пландаштырылган мобилизациялык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө борбордук жетекчилик;

2) мобилизациялык иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн алдын-ала, пландуу жасалышы, көзөмөлгө алынышы;

3) тармактык жана аймактык мобилизациялык иш-чаралардын комплекстүүлүгү жана өз ара макулдашылгандыгы.

3. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча иш-чаралардын мазмунуна төмөнкүлөр кирет:

1) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында ченемдик укуктук жөнгө салуу;

2) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шартын аныктоо жана аларды ишке даярдоо;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизацияга даярдоо;

4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде толуктоо үчүн аскердик-каттоодогу адистиктер боюнча жарандары даярдоо;

5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана атайын түзүлүштөрдүн запасында (резервде) турган жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди жана квалификациялуу жумушчулар менен кызматчыларды (мындан ары - аскерге милдеттүүлөр деп аталышат) мобилизация мезгилинде алардын ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтыруу (брондоо);

6) Кыргыз Республикасынын экономикасын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизация пландарын иштеп чыгуу;

7) Кыргыз Республикасынын экономикасын, аймагын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды мобилизация учурундагы жана согуш мезгилиндеги ишке даярдоо;

8) куралдарга жана аскер техникасына, эң маанилүү жарандык продукцияга документтерди камсыздандыруу фондун, ошондой эле өтө тобокел объекттерге, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу тутумунун объекттерине жана улуттук кенч болуп саналган объекттерге долбоордук документтерди түзүү жана сактоо;

9) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана атайын түзүлүштөргө мобилизацияга арналган өздүк курамды жана техниканы даярдоо;

10) Кыргыз Республикасынын экономикасын, Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизациялык жайгаштыруу жана мобилизациялык пландарды аткаруу боюнча аскердик-экономикалык жана командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү;

11) мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерде жана мамлекеттик бөксөрбөс запаста материалдык каражаттарды түзүү, топтоо жана сактоо;

12) Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгынын абалына баа берүү;

13) мобилизациялык органдардын кызматерлеринин квалификациясын жогорулатуу;

14) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны илимий жана методикалык жактан камсыз кылуу;

15) мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча милдеттерди чечүү таламындагы эл аралык кызматташтык;

16) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын согуштук абалга которуу;

17) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана атайын түзүлүштөрдө мобилизация өткөрүү;

18) Кыргыз Республикасынын экономикасын, аймагын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды аскер абалына которуу боюнча иштер;

19) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде калкты азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен ченемдүү жабдууну, аларды медициналык жактан тейлөөнү жана байланыш каражаттары жана транспорт каражаттары менен камсыздоону даярдоо жана уюштуруу;

20) мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды башкаруунун запастык пункттарын белгиленген тартипте түзүү жана көрсөтүлгөн пункттарды согуш мезгилиндеги шарттарда иштөөгө даярдоо;

21) массалык маалымат каражаттарын мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде иштөөгө даярдоо;

22) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда аскердик эсепке алууну уюштуруу.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-3)
