# 15-статья. Мобилизациялык даярдыкка колдоо көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 15-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-15

---

1. Мобилизациялык даярдык боюнча иш аткарган мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга экономикалык жана башка жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Консервацияланган жана учурдагы өндүрүштө пайдаланылбаган мобилизациялык багыттагы объекттер, мобилизациялык кубаттуулуктар, мобилизациялык запастардын (резервдердин) бардык түрлөрү жана мобилизациялык багыттагы башка мүлк мамлекеттик бийлик органдарынын чечими боюнча түзүлүүчү камсыздандыруу запастарына кирет.

3. Менчигинин түрүнө карабастан өз каражаттарын мамлекеттин таламдарында өткөрүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларга жумшаган юридикалык жактарга Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган жеңилдиктер жайылтылат.

4. Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгына колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша так ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-16)
