# 14-статья. Мобилизациялык даярдыкты каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278689..1278690>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 14-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-14

---

1. Мобилизациялык даярдыкты каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Аткарылышы мамлекеттин таламында жүргүзүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат.

3. Жергиликтүү маанидеги мобилизациялык даярдык боюнча иштер жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

4. Өздөрүнүн иштешинин туруктуулугун жогорулатуу максатында юридикалык жактардын өздөрүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иштер менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

5. Мобилизация боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-15)
