# 13-статья. Аскердик-транспорттук милдеттер жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278690..3952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 13-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-13

---

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш учурунда транспорт каражаттары менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында аскердик-транспорттук милдет белгиленет.

2. Аскердик-транспорттук милдет мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана транспорт каражаттарынын ээси болгон жарандарга, ошондой эле портторго, пристандарга, аэропортторго, мунайбазаларга, күйүүчү майларды жыйып-жөнөтүү базаларына, автомобилге май куюу станцияларына, ремонттук ишканаларга жана транспорт каражаттарынын ишин камсыз кылуучу башка уюмдарга жайылтылат.

3. Аскердик-транспорттук милдетти аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өздөрүнүн менчигиндеги транспорт каражаттарын жана башка мүлктү өткөрүп бергенден уюмдар менен жарандар тарткан зыяндын ордун толуктоо мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-14)
