12-статья. Мобилизациялык органдар
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · IV бөлүм
1. Тынчтык мезгилде мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, координациялоо жана анын өткөрүлүшүн контролдоо үчүн төмөнкүлөр түзүлөт (дайындалат);
мамлекеттик органдардын башкаруу аппараттарынын курамында - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүмдөр, бөлүктөр, секторлор); Куралдуу Күчтөрдүн жана аларда мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүнүн курамында - аскердик башкаруу органдары (башкы башкармалыктар, башкармалыктар, бөлүмдөр, бөлүктөр); мобилизациялык заказдары (тапшырмалары) бар ишканаларда - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүктөр же өзүнчө кызматкерлер); жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - аскердик каттоону жана мобилизациялык даярдоону жүргүзүү боюнча кызматкерлер; Мобилизациялык органдардын түзүмү, штаттык курамы, иш милдеттери, укуктары жана милдеттери аткарылуучу тапшырмалардын мүнөзүнө жана заказдардын (тапшырмалардын) көлөмүнө жараша аныкталат жана аларда бул мобилизациялык органдар түзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мобилизациялык органдар жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
2. Мобилизациялык органдарды (бөлүктөрдү же айрым кызматкерлерди) жана аскердик-каттоо кызматкерлерин күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдар жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Министрлер Кабинети кошулду: Президенти бекитет.
2. Мобилизациялык органдарды (бөлүктөрдү же айрым … жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № алынып салынды: 114 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>