# 11-статья. Мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 15.04.2016 [Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О Совете обороны Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111321); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203983)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278689..1278690>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 11-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-11

---

жана анын тартиби

1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана аймагын уюштуруу жана мобилизациялык даярдыгынын жана мобилизациялоонун тартиби ушул Мыйзамда жана мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоону жана аларды мобилизацияга тартууну тийиштүү мобилизациялык органдар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен өз ара аракетте жана анын жетекчилиги астында уюштурушат жана жүргүзүшөт.

3. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында аларга жүктөлгөн иш милдеттерин аткаруу үчүн жекече жооп берет, ошондой эле мобилизациялык органдардын кызматкерлерине аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн зарыл шарттарды түзөт.

4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары, ошондой эле граждандар ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-12)
