# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/132)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 30.09.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/132#diff=1278689..1278690>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-120/edition/1278685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/132/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, 1-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) согуштук-транспорттук милдет - мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү транспорттук каражаттар жана мүлк менен өз учурунда, толук кандуу камсыз кылуу үчүн белгиленүүчү Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын курамдык бөлүгү;

2) мобилизациялоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилинин уюмуна жана курамына, ал эми Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын аймагын согуш мезгилинин шарттары боюнча иштөөгө которуу боюнча иш-чаралардын комплекси;

3) мобилизациялык даярдоо - мамлекетти куралдуу кол салуудан коргоону жана согуш мезгилинде мамлекеттин биринчи кезектеги керектөөлөрүн жана калктын муктаждыгын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо боюнча тынчтык мезгилинде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;

4) экономиканы мобилизациялык даярдоо - согуш мезгилинин шартында Куралдуу Күчтөрдүн керектөөлөрүн, мамлекеттин жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында тынчтык мезгилинде экономиканы күн мурунтан даярдоо боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар комплекси;

5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү мобилизациялык даярдоо - тынчтык жана согуш мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана башкаруу органдарынын, аскерлердин, күчтөрдүн жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын, мобилизациялык ресурстардын жана запастагылардын дайыма күжүрмөн даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тутуму;

6) мобилизациялык ресурстар - Кыргыз Республикасынын аймагында мобилизациялоону жүргүзүүнү туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон адам, транспорт жана материалдык ресурстар;

7) мобилизациялык кубаттуулуктар - мобилизациялоо заказдарын аткарууга багытталган өндүрүштүк аянттар, технологиялык жабдуу, инженердик-техникалык жана башка документация;

8) мобилизациялык резерв - мамлекеттик материалдык резервдин курамдык бөлүгү болуп саналган, мобилизациялоодо, согуштук абалда жана согуш мезгилинде мобилизациялык заказдарды аткаруу үчүн зарыл болгон жана кезектеги өндүрүштүк иште мобилизациялоо заказы бар уюмдар тарабынан пайдаланылбаган адам, транспорт ресурстарынын жана материалдык баалуулуктардын чектелген номенклатура боюнча запасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрү үчүн материалдык-техникалык каражаттар;

9) мобилизациялык тапшырма - мобилизациялоо жана согуш мезгилинде мамлекеттин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча маселени чечүүгө багытталган иш-чараларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга тапшырма;

10) мобилизациялык заказ - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга мобилизациялоо учурунда жана согуш мезгилинде белгилүү бир номенклатуранын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) өндүрүүгө мамлекеттик заказ;

11) мобилизациялык план - өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды согуш мезгилинин шарттарындагы иш режимине өткөрүү боюнча, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилине уюштурууга жана курамга өткөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мазмунун, көлөмүн, тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу мамлекеттик документ;

12) мобилизациялык органдар - штаттык бөлүктөр же мобилизациялоо тапшырмалары бар мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы, уюмдардагы жана ишканалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) иштин көлөмүнө жараша атайын дайындалган кызматкерлер;

13) мобилизациялык даярдык - Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн, уюмдардын же мекемелердин согуш мезгилинин штаттарына жана керектөөлөрүнө чейин алардын мобилизациялык жайгаштырууну уюшкандык менен, белгиленген мөөнөттө, жашыруун жүзөгө ашыруу жөндөмүн мүнөздөөчү абалы;

14) мобилизациялык жайгаштыруу - Куралдуу Күчтөрдү согушка жөндөмдүү абалга келтирүүнүн жана күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди түзүүнүн тутумдук бөлүгү;

15) мобилизацияга тартуу - Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын, кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн согуш мезгилине карата уюшулушуна жана курамына которуу боюнча иш-чаралардын комплекси;

16) камсыздандыруу запасы - мамлекеттик органдардын чечими боюнча түзүлүүчү мобилизациялык багыттагы объекттер, мобилизациялык кубаттуулуктар, учурдагы өндүрүштө консервацияланган жана пайдаланылбаган мобилизациялык запастардын (резервдердин) бардык түрү жана мобилизациялык багыттагы башка мүлк;

17) ыктыярдуу резервдик отряд - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия учурунда, куралдуу чыр-чатактар (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялоону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан Кыргыз Республикасынын жаш курагы чектелбеген категориядагы жарандарынын ичинен түзүлүүчү согуштук убактылуу түзүлүш;

18) резервдик түзүлүштөр - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жаракты жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялооону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан, аймакты коргоо, кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын айрым участокторун коргоо милдеттерин чечүү үчүн тынч жана согуш учурунда түзүлөт;

19) атайын түзүлүштөр - министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, түрдүү деңгээлдеги мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүү, ошондой эле мобилизациялоону жарыялаганда, өзгөчө, согуштук абал режими киргизилгенде каралган иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу жана аткарылышын камсыз кылуу, кризистик (өзгөчө) кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жеңип өтүү, ошондой эле экономиканы согуш мезгилинин шарттарындагы жана мыйзамдарда аныкталуучу башка учурлардагы ишке өткөрүү үчүн түзүлүүчү түзүмдөр.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/132/st-2)
