# Кыштут айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыштут айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/131135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-8120/edition/1192424/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыштут айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому (20.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/131135

---

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2022-жылдын 20-январы № 19 Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:

1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-п буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

3. Жоопкерчиликке берилген материалдык баалуулуктардарды сактоону жана келген материалдык баалуулуктардарды кириштөөнү көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25,12,2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Ж. Мидинов
