# Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 21.09.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-119/edition/855313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/131

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1998-жылдын 21-сентябры № 124

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/131/st-1)

1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 18-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Он төрт жашка толгон балдар киши өлтүрүү (97-статья), саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү (104-статья), саламаттыкка атайылап анча оор эмес оор залал келтирүү (105-статья), адамды уурдоо (123-статья), зордуктоо (129-статья), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (130-статья), уурдоо (164-статья), мал уурдоо (165-статья), тоноо (167-статья), каракчылык (168-статья), башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо (169-статья), опузалап талап кылуу (170-статья), автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (172-статья), өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен же оор кесепеттерге алып келүү менен мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу (174-статьянын экинчи бөлүгү), терроризм (226-статья), барымтага кармоо (227-статья), оордотуучу жагдайлардагы хулиганчылык (234-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм (235-статья), ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (245-статья), башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү (247-статья), баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (248-статья), транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга келтирүү (283-статья) үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат".

2. 43-статьянын төртүнчү бөлүгүнүн 6-пунктунан "өкүм чыгарылган учурга карата он алты жашка толбогон" деген сөздөр алынсын.

3. 50-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Өлүм жазасы аялга жана жашы жете элек кезде кылмыш жасаган балага карата колдонулбайт".

4. 59-статьяда:

төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "(3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат"; үчүнчү бөлүгү төртүнчү бөлүк деп эсептелсин.

5. 60-статья төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"(3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат".

6. 78-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"78-статья. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын түрлөрү Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазалардын төмөндөгүдөй гана түрлөрү:

1) айып;

2) үч эселенген айып;

3) камакка алуу;

4) эркиндигинен ажыратуу колдонулушу мүмкүн".

7. 80-статьянын экинчи бөлүгү алынсын.

8. 81-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"81-статья. Жашы жетпегенди камакка алуу (1) Камакка алуу кылмыш жасаган учурга карата он алты жашка толгон жашы жетпегенге карата бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө колдонулат".

9. 83-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/131/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1998-жылдын 9-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
