# Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130834>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7822/edition/1113616/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130834

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2021-жылдын 21-июну № 8 Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Матхоликованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Турпак айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акы төлөнсүн.

2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын саны бүгүнкү күнгө 16773 болгондугуна байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин эсебинен 16773 сом акча каражаты ажыратылсын.

3.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер

маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
