# Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 127 "Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-Ата-5 көчөсүн аталышын Абдырахман Калбаевдин ысмы менен алмаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 127 "Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-Ата-5 көчөсүн аталышын Абдырахман Калбаевдин ысмы менен алмаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7769/edition/1112607/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Халмион айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 127 "Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-Ата-5 көчөсүн аталышын Абдырахман Калбаевдин ысмы менен алмаштыруу жөнүндө" токтому (25.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130780

---

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы

2021-жылдын 25-марты № 127 Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-Ата-5 көчөсүн аталышын Абдырахман Калбаевдин ысмы менен алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488 токтомуна ылайык бекитилген Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу ЖОБОсун негизинде Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-ата-5 көчөсунө Абдырахман Калбаев ысымы менен алмаштыруу жөнүндөгү көчөнүн тургундарынын жыйынынын протоколун жана кайрылуу катын карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын Арыкбай-Ата -5 көчөсун аталышы ушул айылда жашап өткөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, айылдын өрнөктүү аксакалы болгон маркум Абдырахман Калбаевдин ысымы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

Г. Матажиев
