# 2021-жылдын 25-мартындагы № 126 "Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүн аталышын Калил Тураев ысмына өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2021-жылдын 25-мартындагы № 126 "Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүн аталышын Калил Тураев ысмына өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7768/edition/1112605/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 25-мартындагы № 126 "Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүн аталышын Калил Тураев ысмына өзгөртүү жөнүндө" токтому (25.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130779

---

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы

2021-жылдын 25-марты № 126 Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүн аталышын Калил Тураев ысмына өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488 токтомуна ылайык бекитилген Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу ЖОБОсун негизинде Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүнүн айыл тургундарынын жыйынын протоколун карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Таш-Дөбө-2 көчөсүн аталышы, ушул көчөдө жашап өткөн жана көп жыл боюу медицина тармагында үзүрлүү эмгектенген маркум Калил Тураев ысымы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

Г. Матажиев
