# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 12 "Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 12 "Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7659/edition/1112387/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 12 "Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (19.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130669

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

2021-жылдын 19-февралы № 12 Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “Мыйзамдарынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө, Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланыш, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ибраим уулу Т.
