Ак-Татыр айылдык кенешинин «Баткен районунун стратегиялык обьекти Төрт-Гүл суу сактагычынын башкы суу алуучу түйүнүндө чыр-татак жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 18 Баткен районунун стратегиялык обьекти Төрт-Гүл суу сактагычынын башкы суу алуучу түйүнүндө чыр-татак жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы Жарандык когонуу жөнүндөгү № 54 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө Төрт-Гүл суу сактагычынын башкы суу алуучу түйүнүндө тажик тарап видео көзөмөл орнотуп, андан кийин абал курчуп ок атуу башталганына байланыштуу, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо, кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосун жана күч структуралардын иштешин камсыз кылуу максатында Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат:
1. Жарандык коргонуу кызматтарынын, куткаруу топторун уюштуруу, менен кырсыктан сактоо жана кечиктирилгис иш чараларды, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Адам өмүрүнүн коомсуздугун камсыздоо, материалдык баалуулуктарды сактоо боюнча кооптуу аймактарга көзөмөл жүргүзүү жана атайын алдын алуу иш чаралары уюштурулсун.
3. Турак-жайсыз калган калкты, материалдык баалуулуктарды жана айыл- чарба мал жандыктарын коопсуз жайга көчүрүү ( эвакуация ) жана ар тараптуу камсыздоо боюнча план ишке киргизилсин.
4. Өзгөчө кырдаалдар учурунда өзгөчө жабыр тарткан жарандарды тактоо менен бирге, гуманитардык жардамдын туура жеткирилүүсү камсыз кылынсын.
5. Туруктуу жашаган элдердин арасындагы жаш балдар менен жардамга муктаж адамдардын эвакуацияланышы жана кокустан жарат алгандарды медициналык жактан тез жардам менен камсыз кылынсын.
6. Өзгөчө кырдаалдар убактысында келген кызматтар менен мекемелердин жана колдоочулар менен ыктыярдууларды орун табышына көмөк көрсөтүлсүн.
7. Тажикстан-Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен чыккан өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо, кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосу жана коопсуз эвакуцияланышы күч структуралардын иштешин камсыз кылуу .
8. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Зарматова З.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 "Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин…Постановление · 13.05.2019 · № 219