# Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 306/39-4 "Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен 2021-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 24 261,4 миң сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багыттоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 306/39-4 "Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен 2021-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 24 261,4 миң сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багыттоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306/39-4
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7553/edition/1107115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 306/39-4 "Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен 2021-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 24 261,4 миң сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багыттоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130559

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXIХ СЕССИЯСЫ

2021-жылдын 22-январы № 306/39-4 Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен 2021-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 24 261,4 миң сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багыттоого макулдук берүү жөнүндө 2021-жылдын 1-январына акча каражаттарынын эркин калдыгын натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонуу максатында, ошондой эле Токмок ш. мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин акча каражаттарынан 2021-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен жалпы 24 261,4 миң сом суммасы төмөнкү чыгашаларды жүргүзүүгө макулдук берилсин:

2. — шаардын бюджеттик уюмдары боюнча 2020-жылдын кредитордук карыздарын жабууга — 8000,0 миң сом;

3. — шаардын ички жолдорун капиталдык оӊдоо жүргүзүүгө -15500,0 миң сом.

4. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкаркармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) эркин калдыктын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу багыттар боюнча так жүргүзсүн.

5. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т. А. Солтобаев
