# Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7513/edition/1139845/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому (01.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130517

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы

2020-жылдын 1-июлу № 6 Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” №124-токтомунун негизинде Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХХV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” №124-токтомунун негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдиги бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Кочкоровага жүктөлсүн.

Төрага

М.Соорбаев
