# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7426/edition/1140147/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому (05.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130430

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2021-жылдын 5-февралы №174 Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекетик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын ветеринардыкинспектору А.Маматкуловдун Айыл аймагында жылкыларга чип басуу жана веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.Веткызматкердин эмгек акы 134 сом өлчөмүндө бекитилсин.(Билдирүү тиркелет).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловго тапшырылсын.

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов

Айылдык кеңештин башчысы А.Халмуратовго, төрагасы А.Саматовго Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловдон

Билдирүү Кыргыз Республикасынын жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жонүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрынын №694 Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында,Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алып,Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууну жүргүзүүдө ветеринардык адистердин эмгек акын бекитип берүүңүздөрдү билдиремин. Чип басуу 2021-жылдын 1-февралынан башталат.

Бир баш жылкыга чиптин наркы: банкка төгүү 166 сом 00 т. Ветеринардык адистин эмгек акы: 134 сом 00 т. Жалпысынан бир баш жылкыга чип басуу: 300 сом 00 т.

Билдирүү берген Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ветинспектору: А.Маматкулов.
