# Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 278/36-4 "Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 278/36-4 "Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278/36-4
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7394/edition/1103081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 278/36-4 "Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому (04.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130398

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVIII СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 4-ноябры № 278/36-4 Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ Токмок шаарынын мэри Д.Дж. Амангельдиевдин каттарынын негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди, б.а. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок Жылуулук” МИсине, калкты жылуулук менен камсыздоодон улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча багыттоого берилсин.

2. “Токмок Жылуулук” МИнин директору (Шамил уулу Тамерлан) тарабынан бөлүнгөн каражаттар максатка ылайык так колдонулсун.

3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т. А. Солтобаев
