Токмок шаардык кенешинин «Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 4-ноябры № 278/36-4 Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ Токмок шаарынын мэри Д.Дж. Амангельдиевдин каттарынын негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен келген 20000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди, б.а. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок Жылуулук” МИсине, калкты жылуулук менен камсыздоодон улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча багыттоого берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” МИнин директору (Шамил уулу Тамерлан) тарабынан бөлүнгөн каражаттар максатка ылайык так колдонулсун.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т. А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон