# Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 298/38-4 "Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 298/38-4 "Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298/38-4
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7390/edition/1103073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 298/38-4 "Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому (29.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130394

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXVIII СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 29-декабры № 298/38-4 Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берүү жѳнүндѳ Токмок ш.мэриясынын берилген материалдарын карап чыгып, 2020-жылдын 6-майындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтʏнʏн “Ишкердик субъекттердин экономикалык активдʏʏлʏгʏн калыбына келтирʏʏ жана ишине колдоо көрсөтʏʏ боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтʏнʏн 2020-жылга иш аракеттери жѳнүндѳ” буюрмасынын 14-пунктунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу, Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигини Чʏй башкармалыгы жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бөлʏгʏнʏн планын аткарууда жылдын жыйынтыгы менен 807 670 суммасындагы жоготуулар эске алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т. А. Солтобаев
