# Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7381/edition/1103057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтому (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130385

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 28-сентябры № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Дж. Джунушалиевдин 2021-жылдын 25-июнундагы № 14-1851 өтүнүч катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгы менен курман болгондон кийин сыйланган, Бишкек шаарында каттоосу жок, прапорщик Бекзодбек Давлатбекович Юлдашевдин жубайы Гулхаё Жамалиддиновна Кодировага Бишкек шаары, Москва көчөсү, үй №191, батир №161 дарегинде жайгашкан, индентификациялык коду 1-01-13-0013-0628-01-161 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен менчикке берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага

К.Конгантиев
