# Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7380/edition/1103055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130384

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 28-сентябры № 11 Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 39, 44-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Дж. Джунушалиевдин 2021-жылдын 25-июнундагы № 14-1851 өтүнүч катын эске алып, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгы менен курман болгондон кийин сыйланган, Бишкек шаарында каттоосу жок прапорщиктин жесири”.

2. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага

К.Конгантиев
