# Кайынды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 158/XLVIII – 2 “Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 158/XLVIII – 2 “Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158/XLVIII – 2
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7371/edition/1099026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 158/XLVIII – 2 “Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө” токтому (25.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130375

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 25-февралы № 158/XLVIII – 2 “Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө”

Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун “2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосуна анын талапкерлерлиги “Столица” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып, 2011-жылдын 14-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө 17-беренсинин п.3 б.2 мыйзамынын негизинде , ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө", мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.2021- жылдын 1-мартынан баштап 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосунун натыйжаларын аныктоого чейин мэрдин убактылуу аткаруу милдетти Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөлсүн.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
