Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайынды шаардык кенешинин – 1 “Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну акы төлөөнүн орточо өлчөмүн сактоо менен убактылуу токтотуу жөнүндө” токтому
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 25-феврралы № 157/XLVIII – 1
“Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну акы төлөөнүн орточо өлчөмүн сактоо менен убактылуу токтотуу жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун “2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосуна анын талапкерлерлиги “Столица” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып, 2011-жылдын 14-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө 17-беренсинин п.3 б.2 мыйзамынын негизинде , ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө", мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.2021- жылдын 1-мартынан баштап 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосунун натыйжаларын аныктоого чейин эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык милдеттери токтотулсун.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон