# Аламудун айылдык кенешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 17-28 "Жоболорду, келишимди жана макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламудун айылдык кенешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 17-28 "Жоболорду, келишимди жана макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17-28
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7349/edition/1094506/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламудун айылдык кенешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 17-28 "Жоболорду, келишимди жана макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130345

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-августу № 17-28 Жоболорду, келишимди жана макулдашууну бекитүү жөнүндө

Жоболордун, макулдашуунун жана келишимдин долбоорлорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18, 31-беренелеринин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Төмөнкү жоболор, макулдашуу жана келишим бекитилсин:

- “Аламүдүн айыл аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жөнүндө” жобо;

- “Аламүдүн Авто Транс” муниципалдык ишканасынын муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарындагы видеобайкоо тутуму жөнүндө” жобо;

- “Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык заказды ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жобо;

- Муниципалдык заказ келишими;

- “Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер аралык кызматташтыгы жөнүндө” жобо;

- “Муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө” макулдашуу;

- “Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө” жобо.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага:

А. Филимоненко
