# Аламүдүн айыл аймагынын №\_\_\_ аймактык коомдук комитети жөнүндө ЖОБОсу

- Толук аталышы: Аламүдүн айыл аймагынын №\_\_\_ аймактык коомдук комитети жөнүндө ЖОБОсу
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 201-27
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/130323/edition/1092837/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айыл аймагынын №\_\_\_ аймактык коомдук комитети жөнүндө ЖОБОсу (28.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130323

---

Аламүдүн айылдык кеңешинин 28-октябр 2020-жылы № 201-27 токтому менен бекитилген

Аламүдүн айыл аймагынын №\_\_\_ аймактык коомдук комитети жөнүндө ЖОБО

I. Жалпы жоболор

Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын №\_\_\_ аймактык коомдук комитетинин иш аракетин жөнгө салат.

1. №\_\_\_ аймактык коомдук комитет (мындан ары - №\_\_\_ комитет) иши жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө жана жеке демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырууга багытталган аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруунун формасы болуп саналат.

2. №\_\_\_ комитеттин иштөө аймагынын чек аралары тургундардын сунуштарын эске алуу менен Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан белгиленет.

3. №\_\_\_ комитети төмөнкү максаттарда түзүлөт:

а) аймактын күнүмдүк жашоо-турмушун камсыз кылуу маселелери боюнча №\_\_\_ комитеттин иштөө аймагында жашаган калктын муктаждыктарын чечүү;

б) калкка кызмат көрсөтүү;

в) калкты каттоо;

г) калк менен иштөө.

4. №\_\_\_ комитеттин иштөө аймагынын чегинде жарандардын жалпы чогулушунда (жыйынында) шайлоонун негизинде №\_\_\_ комитет түзүлөт.

5. №\_\_\_ комитет Аламүдүн айылдык кеңешинде милдеттүү каттоодон өткөндөн кийин өз статусуна ээ болот. №\_\_\_ комитетти түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 10 күн аралыгында каттоого документтерди берет. №\_\_\_ комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусун алууга жана келишимдик негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага өткөрүп берилген функцияларды аткарууга жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

6. №\_\_\_ комитет Аламүдүн айылдык кеңешинде аны шайлаган жана каттоого алган жарандардын чогулушунда отчет берет.

II. №\_\_\_ комитетти шайлоону уюштуруу жана өткөрүү

7. №\_\_\_ комитетти шайлоо №\_\_\_ комитеттин аймагынын чегинде жашаган жана каттоого турган жарандардын жалпы чогулушунда өткөрүлөт.

8. Жалпы чогулушту аталган аймактын жашоочулары уюштурат жана өткөрөт. Чогулушту өткөрүү датасы жана орду Аламүдүн айылдык кеңеши менен макулдашылат.

9. Жалпы чогулуштун ишине төмөнкүлөр катыша алат:

а) 18 жашка толгон, тиешелүү аймакта каттоого турган жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү;

б) кеңеш берүүчү добуш укугу менен Аламүдүн айылдык кеңеши депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү.

10. № \_\_\_ комитеттин мүчөлөрүн шайлоону тиешелүү документтерди тариздөө менен №\_\_\_ комитеттин иштөө аймагынын жашоочулары өткөрөт.

11. Жалпы чогулуш үйлөрдүн жалпы санынын/батирлердин жалпы санынын 35%дан кем эмес өкүлдөрү катышкан кворумунда укуктуу болуп эсептелет.

Чогулушка катышкан жашоочулардын жалпы санынан 50%дан көп добуш алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. №\_\_\_ комитеттин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөт менен шайланат.

12. №\_\_\_ комитеттин курамына анын иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кеминде үчтөн мүчө шайланат. Саны жалпы чогулушта бекитилиши керек жана үйлөр менен батирлердин санынан улам санын көбөйтүп өзгөрүшү мүмкүн, бирок 5 кишиден ашпашы керек. №\_\_\_ комитеттин курамы так сан болуш керек.

13. №\_\_\_ комитеттин төрагасы иштөөгө жөнөмдүү, каттоосу бар жана №\_\_\_ комитеттин аймагынын чегинде туруктуу жашаган, жашы 25 жаштан жогору, ортодон төмөн эмес билими бар, соттуулугу жок, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынып салынган же жокко чыгарылган Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек.

14. Шайланган №\_\_\_ комитет чогулуштан кийин түздөн-түз уюштуруучулук отурум өткөрөт, анда №\_\_\_ комитеттин төрагасы, төраганын орун басары шайланат.

Ачык добуш берүүдө добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүнө ээ болгон талапкерлер шайланды деп эсептелет. №\_\_\_ комитеттин төрагасы шайлоо боюнча отурумга кеңеш берүүчү добуш укугу менен Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катыша алат.

15. Жарандардын жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлана турган адамдарды тандоо ачык жана көрүнөө өткөрүлөт.

16. №\_\_\_ комитеттин төрагасы:

а) №\_\_\_ комитеттин ишин уюштурат;

б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчиктин түрүнө карабай уюмдарда, мекемелерде жана коомдук уюмдарда №\_\_\_ комитеттин өкүлү болот;

в) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана жеке чечимдерин аймактын жашоочуларынын аткаруусун уюштурат.

17. Тиешелүү аймактын калкынын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашып кеткен учурда №\_\_\_ комитетке Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берилиши мүмкүн.

III. №\_\_\_ комитеттин функциялары жана укуктары

18. №\_\_\_\_ комитеттин функциялары:

а) №\_\_\_ комитеттин ишмердигинин аймагында калктын күндөлүк жашоосун камсыз кылуу маселелерин ыкчам чечүү жаатында:

- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өз укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын билдирүүгө жана коргоого;

- аталган аймакта калктын күндөлүк жашоосун камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммуналдык кызматтар менен өз ара аракеттешүү;

- санкцияланбаган таштанды ташталган жерлерди аныктоо, таштандыны жыйноону жана өз убагында ташып кетүүнү контролдоо;

- абаттоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, аймакты жарыктандыруу, көгөрүп турган бак-дарактарды суугаруу, тентиген жаныбарларды атуу жана башка турак жай-коммуналдык чарба ишине тиешелүү маселелер боюнча аталган аймактын тургундарынын муктаждыктарын аныктоо, ошондой эле тиешелүү уюмдар жана кызматтар аркылуу аларды чечүүнү уюштуруу;

- жолдордун абалы начар, курулуш эрежелерин жана турак жайларды пайдаланууну, турак үйлөрүн жана үй жанындагы жерлерди күтүүнү, өрт коопсуздугун жана санитардык ченемдерди бузган фактыларды аныктоо;

- жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдаланган, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо мыйзамынын талаптарын бузган фактыларды аныктоо;

- жер казуу, курулуш иштерин жүргүзүүгө, жол салуу жана оңдоп-түзөө, инженердик тармактар боюнча иштерге, жылуулук, электр, суу менен жабдуу тармагынын ишиндеги аварияларды жана бузулууларды пайдаланган уюмдар тарабынан жоюулуусуна контроль жүргүзүү;

- аталган аймактын тургандарын абаттоо, санитардык тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, суугаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уюштуруу;

- курулуш, санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, өрттү көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга көмөк көрсөтүү;

- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүү;

- коомдук жашоонун түрдүү маселелери боюнча демилгелерди көтөрүп чыгуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү;

- тургундарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жөнүндө кабарландыруу жана алардын аткарылышын уюштуруу.

б) тургундар менен иш алып баруу чөйрөсүндө:

- коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү;

- мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, түрдүү фонддор, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректик социалдык коргоо боюнча иштерди уюштурууга катышуу;

- шайлоорлорду, референдумдарды, шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги депутаттардын жолугушууларын уюштурууга жана өткөрүүгө, коомдук пикирди сурамжылоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;

- аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен иштерди уюштуруу, жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып барган клубдардын жана борборлордун ишине контроль жүргүзүү;

- калктын алсыз катмарын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү;

- куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн жалданмачылык жана азгыруу, мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өтүү, улуттар аралык чыр-чатактарды козутуу фактыларын тиешелүү уюмдарга маалымат жеткирүү менен аныктоо.

в) аталган аймактын маалыматтык берилмелер чөйрөсүндө:

- аталган аймактын маалыматтык базасын түзүү жана жаңылоо (тургундардын, турак жана турак жай эмес фондунун, мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдардын, малдын ж.б.)

19. №\_\_\_\_ комитет төмөнкүлөргө укуктуу:

- тийиштүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууда катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана кызматкерлерин кароого сунуш берүүгө;

- аталган айтактын жашоочуларынын чогулуштарын жана жыйындарын чакырууга;

- абаттоо, санитардык тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, суугаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө тургундарды чакырууга (ишембилик ж.б.)

- аталган аймактын жашоочуларынын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди талкуулоо учурунда кеңеш берүүчү добуш укугу менен Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууга;

- контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары менен биргеликте рейддерди жана обходдорду уюштуруу;

- турак жай-коммуналдык чарба иштери, каттоого алуу жана тургундар менен иштөө маселелери боюнча актыларды түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотуна, Аламүдүн айыл көмөтүнүн административдик комиссиясына карап чыгууга материалдарды түзүүгө жана жөнөтүүгө;

- турак жай-коммуналдык чарба иштерине тиешелүү маселелер боюнча коммуналдык кызматтардын жетекчилерине түз кайрылууга;

- коммуналдык кызматтар боюнча коммуналдык кызматтар тарабынан келишимдердин, анын ичинде иштерди аткаруу графиктеринин аткарылышын контролдоого;

- келишимдик негизде коммуналдык кызматтар боюнча тургундар тарабынан келишимдердин аткарылышын контролдоого;

- маданий-массалык иш-чаралардын, фестивалдарды, конкурстарды уюштурууга;

- социалдык чөйрөдөгү объектилерди, аймакты абаттоо, оңдоп-түзөө, санитардык тазалоо боюнча иштерди өткөрүп алууга катышууга;

- коомдук жашоонун түрдүү маселелери боюнча демилгелерди көтөрүп чыгууга, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммуналдык кызматтарга сунуштарды киргизүүгө.

20. Комитет келишимдик негизде төмөнкүлөргө укуктуу:

- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген функцияларды аткарууга жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;

- мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн документтерди кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

- белгиленген форма боюнча маалымкаттарды берүүгө.

IV. №\_\_\_ комитеттин жана анын Төрагасын мөөнөтүнөн мурда шайлоо

21. №\_\_\_\_ комитеттин жана анын Төрагасын мөөнөтүнөн мурда шайлоо төмөнкү учурларды өткөрүлөт:

а) №\_\_\_\_ комитеттин курамынын жарымынан көп мүчөлөрү кеткен учурда;

б) Аламүдүн айылдык кеңешинин, берилген аймактын тургундарынын жалпы санынын 35%дан кем эмес демилгечи тобунун сунушу боюнча;

22. №\_\_\_\_комитеттин төрагасы төмөнкү учурларда №\_\_\_ комитет тарабынан кайрадан шайланышы мүмкүн:

а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;

б) Аламүдүн айылдык кеңеши, тургундар (берилген аймактагы жалпы санынын 35%дан кем эмес) жана №\_\_\_\_ комитет ишеним көрсөтпөгөн учурда;

в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча.

23. №\_\_\_\_комитеттин төрагасын кайра шайлоодо иштеп жаткан комитеттин курамынан шайланат.

V. Жыйынтыктоочу бөлүк

24. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөрүүлөр Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
