# Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/11 "Чүй айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жер категориясынан "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/11 "Чүй айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жер категориясынан "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/11
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7309/edition/1092293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/11 "Чүй айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жер категориясынан "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130300

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2020-жылдын 4-февралы №26/11 Чүй айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жер категориясынан "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө Чүй районунун Чүй айыл аймагындагы Б.М.Акелеевдин Садовое айылынын №7 №298 контурунда жайгашкан аянты 1,287 га менчик жер тилкесинин категориясын өзгөртүү жөнүндө материалын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18,21 беренелери, жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13 беренелерине ылайык, Чүй айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чүй айыл аймагындагы Садовое айылынын №7 №298 контурунда жайгашкан аянты 1,287 га жер тилкесинин категориясын айыл чарба менчик чабандын үйү жана мал кармоочу жайдан, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга Б.М.Акелеевге макулдук берилсин.

2.Б.М.Акелеевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан жер тилкесинин күбөлөндүрүлгөн иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү иштери милдеттендирилсин .

3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер маселелер комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.

Төрага

З.Амангельдиев
