# Ак-Суу айылдык кенешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 3/2 “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кенешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 3/2 “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/2
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7245/edition/1090021/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кенешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 3/2 “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” токтому (10.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130235

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы 2019-жылдын 10-июну № 3/2 “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын. (Тиркеме эске алынсын).

2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ак-Суу айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага:

С.Барпиев
