# Ош шаардык кенешинин 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 243 "2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кенешинин 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 243 "2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7204/edition/1089169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кенешинин 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 243 "2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө" токтому (30.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130194

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)

2020-жылдын 30-ноябры № 243 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдагы иш-планына жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 9- беренесине ылайык, 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1.2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов)

-тиешелүү кирешелердин жергиликтүү бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө менен 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин толук аткарылышын камсыз кылуу; -жергиликтүү өнөр-жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнө талап кылынган нормаларга жана мыйзамдарга ылайык колдоо көрсөтүү; -Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылуучу титулдук баракчаларында бекитилген иштердин өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөө; -калкты таза суу менен камсыздоо жана газдаштыруу иш аракеттерин жандандыруу максатында шаардын муктаж аймактарын, жаңы конуштарын терең иликтеп, тиешелүү мекемелер менен биргеликте комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу; -шаар калкына мемеме-ишканаларда ыңгайлуу шарттарды түзүү менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын көзөмөлгө алуу; -бардык талап-нормаларга ылайык Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну көзөмөлдөө; -шаардагы оңдоп-түзөө талап кылган тротуарларды, ички көчөлөрдү иретке келтирүү менен мыйзамсыз курулуштарга чек коюу жана мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жөнгө салуу; -өнөр-жай обьектилери жайгашкан аймактардын максаттуу багыттарынын талаптагыдай сакталуусун көзөмөлгө алуу; -шаардын көчөлөрүнө жарнамаларды орнотууда техникалык талаптардын сакталышын жана алардын иреттүү жайгашуусун көзөмөлдөө: -калкка кызмат көрсөткөн коомдук маршруттук каттамдардын шаардын аймагында иштөө графигин жана максаттуу багыттарга жүргүзүлүшүн иретке келтирүү; -маданият тармагындагы аткарылып жаткан иш аракеттерди жандандыруу, заман талабына ылайык борборлоштурулган китепкананы жана аймактардагы филиалдарын санариптештирүү, маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө элдик, нукура маданий баалуулуктарды жайылтууну колго алуу; -шаардагы тамак аш азыктарынын санитардык нормаларынын сакталышын көзөмөлгө алуу максатында калк жыш жайгашкан аймактарга сүт, эт азыктарын сатуу үчүн муниципалдык павильондорду орнотуу маселесин карап чыгуу; -Ош шаарында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо милдеттендирилсин.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов
