# Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 17 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 17 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7179/edition/1087245/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 17 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (11.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130168

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын 2021-жылдын 11-май № 17 Баткен шаарынын Чет-Булак массивиндеги 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер ”категориясынан, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-разделинин 1-Главасынын, 10,11,12-статьяларына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” № 145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” ПЖ №113 Жарлыгына ылайык,2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 4-Главасына 31-статьясынын 1; 5- пункуттарына,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй күруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №177 токтому, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын 10-майындагы №02-6/245 кызматтык катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы Токтом кылат:

1. Баткен шаарынын Чет-Булак массивинин күн чыгыш тарабындагы №780 контурундагы 1,20 га “Таштактуу жайыт” жери, №782 контурундагы 3,80 га “Таштактуу жайыт” жер аянттары жалпы 5 га өлчөмүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер аянтын, Баткен окуясында курман болгон 36 атуулдун артында калган үй бүлөөсүнө, турак жай куруп берүү үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку органдарынан суралсын.

3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.

Төрага:

А.Аширов
