# Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 30 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивинен түндүк күн чыгыш тарабынан ажыратылып берилген 5,0га жер аянтына”Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө турак жай жана социалдык курулмаларды курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 30 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивинен түндүк күн чыгыш тарабынан ажыратылып берилген 5,0га жер аянтына”Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө турак жай жана социалдык курулмаларды курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7161/edition/1088748/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 30 "Баткен шаарынын Чет-Булак массивинен түндүк күн чыгыш тарабынан ажыратылып берилген 5,0га жер аянтына”Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө турак жай жана социалдык курулмаларды курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130150

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2021-жылдын 28-июлу № 30 Баткен шаарынын Чет-Булак массивинен түндүк күн чыгыш тарабынан ажыратылып берилген 5,0га жер аянтына”Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө турак жай жана социалдык курулмаларды курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багынтындагы жерлер” категориясынан, “Калктуу конуштун жерлери” категориясына (трансформациялоо) которуу жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июндагы №49 токтомунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын 22-июлдагы №02-6/433 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде “Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү” максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат: Баткен шаарынын Чет-Булак массивинен түндүк күн чыгыш тарабынан ажыратылып берилген 5,0 га жер аянтына”Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуяларда курман болгон маркумдардын артында калган үй бүлөөлөрүнө ар бирине турак жай социалдык керектөөлөр үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөгү жер аянттарына курулуш курууга макулдук берилсин

- ар бир турак жай үчүн 0,06 га дан жалпы- 2,6 га

- сквер үчүн 1,5га,

- балдар бакчасы үчүн -0,50 га

2.Токтом шаар калкына коомдук саясый “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.

3.Токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.

Тѳрага

А.Аширов
