# Новопавловка айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 40/279 "403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Новопавловка айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 40/279 "403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7144/edition/1086405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловка айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 40/279 "403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (04.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130133

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 40 – кезексиз сессиясы 2020-жылдын 4-ноябры № 40/279 403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондуна өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 17.09.2018-жылдагы №170-б буйругу менен жогорудагы жер аянтын тактоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия тарабынан чыгарылган корутундуга ылайык, 403 га жер аянты Новопавловка айыл аймагынын мамлекеттик жер фондусуна өткөрүлүп берилүүсү сунушталган. Күн тартибиндеги маселе боюнча иш кагаздары менен таанышып жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Новопавловка айыл аймагынын №4, 5, 113, 168, 498, 519, 520 контурларындагы менчик укугунан ажыратылып, ээси жок калган жалпысы 403 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 62-беренесинин 4-пунктуна жана 64-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондусуна өткөрүлүп берилүүсү сунушталсын. Токтомдун аткарылышы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К. Аттакуровага тапшырылсын.

Төрага

К.Абдыраимов
