# Ивановка айылдык кенешинин 2020-жылдын 10-апрели № 87/28 XXV “Жергиликтуу бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кенешинин 2020-жылдын 10-апрели № 87/28 XXV “Жергиликтуу бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87/28-XXV
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130057>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7070/edition/1187002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130057.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кенешинин 2020-жылдын 10-апрели № 87/28 XXV “Жергиликтуу бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө” токтому (10.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130057

---

ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-апрели № 87/28 XXV “Жергиликтуу бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 5 - январында № 1 токтомунун негизинде, Дуйнөлүк Банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган “Айылдык суу менен камсыздоосун жана санитариясын Туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу максатында, 0,7га жер аянтын “Айыл чарба багытында жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы” жер категориясына которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын толтуруу үчүн акча каражат бөлүп берүү маселесин айылдык кенешинин кесексиз сессиясы карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык - Ата районунун Ивановка айыл аймагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу максатында, аймакта жайгашкан 0,7га жер аянчасын “Айыл чарба багытында жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы” категориясына которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын толтурууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтом Ысык - Ата районунун финансы бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы, Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Дж. Усуповго жуктөлсүн.

Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы

М.Алиев
