# Бишкек шаардык кенешинин 2020-жылдын 14-январы № 144 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2020-жылдын 14-январы № 144 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7068/edition/1080416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2020-жылдын 14-январы № 144 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (14.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130055

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2020-жылдын 14-январы № 144 Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарында (чогулуштарында) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Жергиликтүү жамааттын уставын өзүнүн расмий сайтына жарыяласын.

3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы №122 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Б. Абиров
