Ысык-Атат айылдык кенешинин «Ысык-Ата районуна карантин киргизилгендиктен Ысык-Ата айыл аймагына карантиндик постторду уюштуруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезексиз XXVIII (жыйырма сегизинчи) сессиясы
2020-жылдын 3-апрели №180/XXVIII-27 Ысык-Ата районуна карантин киргизилгендиктен Ысык-Ата айыл аймагына карантиндик постторду уюштуруу жөнүндө Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 30-мартындагы №4-П “Ысык-Ата районунда карантин киргизүү жөнүндөгү” буйругун аткаруу максатта Ысык-Ата айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-мартындагы №51-б “Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 30-мартындагы №4-П “Ысык-Ата районунда карантин киргизүү жөнүндөгү” буйругун аткаруу жөнүндөгү” буйругу бекитилсин.
2. Ысык-Ата айыл аймагында фильтрациялык-санитардык посттор төмөнкү айылдарда уюштурулсун:Үч-Эмчек, Жогорку-Ичке-Суу, Алмалуу, Тогуз-Булак, Карагай-Булак, Норус.
3. Уюштурулган постторго Ысык-Ата айыл өкмөтү тийиштүү коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздасын (беткап, колкап, хлор,ж.б.).
4. Уюштурулган постторго колдонмо –инструкция таратылып берилсин.
5. Постто тургандардын графиги түзүлсүн жана посттон өтүп жаткан автоунааларды каттоо журналы жүргүзүлсүн.
6. Посттон өткөн автоунааларды каттоо журналынын жүргүзүлүшүнө жооптуу айыл башчылар белгиленсин.
7. Посттогу коомдук тартипти көзөмөлдөө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы С.Чикеевке жүктөлсүн.
Төрага
Т. Чолпонбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.