# Красный Восток айылдык кенешинин 2019-жылдын 6- сентябрындагы № 14/2 "Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кенешинин 2019-жылдын 6- сентябрындагы № 14/2 "Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/2
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/130050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-7063/edition/1080378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/130050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кенешинин 2019-жылдын 6- сентябрындагы № 14/2 "Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө" токтому (21.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/130050

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2019-жылдын 6- сентябрь № 14/2 Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүү үчүн айылдык кеңеш менен бекитилген “Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүп берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө” Красный Восток айыл аймагынын башчысы - Э.Алыбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн, Красный Восток айылдык кеңешинин жыйыны ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы менен мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин.

2. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлсүн.

Төрага

Б.Закиров
