# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2701/edition/931421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12998

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-февралы № 74 Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартындагы N 15 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
