# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2698/edition/931119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12992

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 15-марты № 121 Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алты айлык мөөнөттө мурда катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 410 «Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби жана анын өлчөмдөрү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
